Menu
Эл-Сөздүк

УУК УЧТУК

(уук кап) «Ууктарын учтатып, учу сайын ууктун, учуна манат тыштатып» («Манас»), Топ ууктун учуна кийгизилүүчү кийиз менен таардан ичтелип жасалган баштык (кап). Чечилип жүктөөгө даярдалган боз үйдүн тепетең экиге бөлүнгөн ууктары «уук боо» аркылуу ороло байланат. Көчкөндө уук учтары сынбасы үчүн атайын уук кап тигилген. Мунун узуну бир метрдей, оозунун диаметри... см дей келип, аны беките байлоочу башында топ чачыланган боосу болот. Уздар муну да адими буюмдай кештелеп, бетине кооз оюмдарды жана көчөттөрдү түшүрүшкөн. Ал көчкөндө көч үстүндө көркөм көрүнгөн.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: